Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага 2,6 млрд долларга бааланган аскердик жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 294 | 0

АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамдын 2,6 миллиард долларлык жаңы топтомуна каражат бөлөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги билдирди.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, жардам өз ичине HIMARS ракеталык системасына, Bradley үлгүсүндөгү согуштук автоунааларга, Patriot жана NASAMS абадан коргонуу системаларына ок-дарыларды, ошондой эле жөнөкөй артиллериялык снаряддарды, танкка каршы системаларды жана оор техникалар үчүн автоунааларды камтыйт.

Жардамга бөлүнгөн каражаттын 2,1 миллиард доллары Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин (USAI) алкагында бөлүнүп, коргонуу өнөр жайы үчүн алына турган жабдуулардын акысына төлөнөт. Калган 500 миллион долларга АКШнын запасындагы ок-дарылар менен техникалар бааланып, Украинага жакынкы убактарда жөнөтүлөт.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери АКШ Киевге жөнөткөн аскердик жардамдын жалпы суммасы 35 миллиард доллардан ашты. Буга чейин Вашингтондун өкүлдөрү Украинаны канча убакыт болсо да колдоого даяр экендиктерин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM