Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Абиров кесиптештери менен коштошту

Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 170 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров парламенттин 5-апрелдеги жыйынына келип, трибунадан кесиптештерине, шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

Ал бир жылдан ашык убакытта элдин түйшүгүн жеңилдете турган мыйзам долбоорлорду демилгелегенин айтты. Өзү 2017-жылдан бери саясатта экенин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, кийин төрагасы болгонун эске салып, андагы тажрыйбасы Жогорку Кеңешке келүүгө түрткү болгонун белгиледи.

Ал эми өзү катышкан мушташ үчүн жоопкерчилик сезип, Жогорку Кеңешти ыңгайсыз абалга калтырбай, мандатын тапшырууну туура көргөнүн айтты.

«Мен ушул трибунада бир жыл үч ай мурун ант бергем. Азыр кайра ушул жерде кайрылуу жасап жатам. Албетте, коомдук иштер, калкка жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сүйлөөнү пландаган элем. Тилекке каршы, бүгүнкү кайрылуум өз каалоом менен депутаттык мандатымды тапшырып, ыйгарым укуктарым токтотулгандыгына байланыштуу болууда. Бул чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Себеби борбордогу Ленин районундагы 11 миң 800 шайлоочу мага ишенип, парламенттеги өкүлү катары шайлашкан. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин да депутттык ишмердүүлүктү жүргүзүү — моралдык баалуулуктарга каршы келип калмак», — деди Жаныбек Абиров.

12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде Абировду жоопко тартууну сунуштаган.

15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Абиров 27-мартта мандатын тапшырып, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM