Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы унаалардын кезеги тууралуу түшүндүрмө

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 155 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

4-апрелге карата Нарын районундагы «Торугарт-автожол» жана Ош облусундагы «Эркечтам-автожол» постторунун алдында жүк ташуучу унаалар топтолуп калганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Кытай тарапта ковиддик чектөөлөр алынып салынды жана ошого байланыштуу Кытайга бара жаткан унаалардын агымы көбөйдү. Дагы бир себеп – жүк ташуу менен алектенген кыргызстандыктарга берилген визалардын көбөйүшү.

Чек арадан өтүү үчүн 250дөн 600гө чейин унаа кезекте турат. Жүк ташуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу чек ара бекетинин өздүк курамы күнү-түнү иштеп жатат.

Акыркы 12 саатта «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 328 автоунаа, «Торугарттан» 300дөн ашык унаа өттү, бул посттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн бир нече эсе жогору экени айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы өткөрүү пункттарынын аймагындагы абалды жана өткөрүү пункттарынын иштешин көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM