Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда «Аркадаг» шаарын даңктоо үчүн телеканал жана гезит негизделди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 365 | 0

Түркмөнстанда жаңы курулуп жаткан Аркадаг шаарын даңктоо максатында «Аркадаг» аттуу гезит жана телеканал негизделди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Быйыл июль айынан баштап чыга турган «Аркадаг» гезитинин негизделишин өлкөдөгү жетишкендиктерди «дүйнөгө жайылтуу» зарылдыгы катары түшүндүрүлүүдө. Сентябрь айында эфирге чыга турган «Аркадаг» телеканалы да ушундай эле максатты көздөйт.

Буга чейин Түркмөнстан башкалаасынын атынан «Ашхабад ТВ» телеканалы ачылган. «Аркадаг» шаардын аталышы берилген өлкөдөгү экинчи телеканал болуп калат.

30-мартта Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов «Аркадаг шаарына мамлекеттик маанидеги өзгөчө макам берүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Түркмөнстан Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар коротору 29-мартта белгилүү болгон.

Ахал облусунун жаңы административдик борбору катары Аркадаг шаары курулары 2019-жылы айтылган. Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд доллар керектелерин айткан.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо «колдоочу» дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM