Connect with us

Нью-Йоркто экс-президент Трампка айып тагылат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 318 | 0

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бүгүн Нью-Йорктогу сотко барат. Кошмо Штаттардын тарыхында биринчи жолу мурдагы президент расмий түрдө кылмыш жасоого айыпталууда.

Президенттик кызматтан кеткенден кийин Флоридада жашап жаткан Трамп 3-апрель күнү Нью-Йоркко барды.

Ал порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталууда. Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылдагы президенттик шайлоонун алдында болгон. Манхэттен прокуратурасы Трамп шайлоо фондунун акчасын пайдалануу менен шайлоо мыйзамдарын бузду деп эсептейт. Трамп жана анын адвокаттары айыптоону четке кагып, муну мурдагы республикачыл президентти куугунтуктоо деп атады. Демократтар иште саясий өңүт бар экенин четке кагууда.

Соттук угуу жергиликтүү убакыт боюнча 14:15ке белгиленди. Трамп сотко өз ыктыяры менен келгени үчүн колуна кишен тагылбайт.

Кийинки сот отуруму бир нече айдан кийин өтөт. Сот залына бир катар ЖМКлардын сүрөтчүлөрү катыша алат, бирок жараянды видеого тартууга тыюу салынды.

Нью-Йоркто коопсуздук чаралары күчөтүлдү, 35 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Трамптын тарапташтары демонстрация өткөрөрү күтүлүүдө. Алар нааразылык тынч маанайда өтөрүн айтууда.

Associated Press белгилегендей, Трамп күрөөсүз эле кийинки угууга чейин бошотулары күтүлүүдө.

Трамп кылмыш жоопкерчилигине тартылган АКШнын биринчи экс-президенти. Ал күнөөсүн четке кагып, өзүн 2024-жылдагы шайлоого катыштырбоо үчүн айыптоолорду коюп жатышканын айтып, муну саясий куугунтук деп атады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM