Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлердин саны бешке жетти

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 3848 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн дагы бир талапкерден  арыз келип түштү. БШКнын маалыматына караганда, талапкер Мирлан Камбаров.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул жылдын 27-апрелинде аяктайт.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Буга чейин Марат Арзыкулов, Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Актилек Нурланбеков аттуу талапкерлер арыз беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM