Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Горький көчөсүнө шейхтин атын берүү сунушталды

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 531 | 1

Бишкектеги Максим Горький көчөсү Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура мекемесинин басма сөз катчысы тастыктады.

Анын айтуусунда, бул маселе мэриянын кароосунда талкууланып жатат.

Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян — Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.

1 пикир

1 пикир

  1. Дамира Алышбаева

    04.04.2023 15:30

    Горький көчөсүнүн жарымы Анкара деп аталат. Ошондо кайсы кесилиштен баштап кайсы кесилишке чейин шейхтин аты берилет. Мурунку Белинский проспектиси Манас жана Ч.Айтматов болуп экиге бөлүнгөн, менимче мындай түзүм бир топ адашууларды жаратканын бир эле шаардыктар эмес, келгендерди да убара кылганы маалым. Мисалга шаар ичинде Купянская, Баха, Воркутинская, Репина сыяктуу чоң, кыска көчөлөр жайгашкан. Менимче ушул жагын ойлонуу туура болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM