Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна бизнес борбор курулат

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 193 | 0

Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна бизнес борбор куруу пландалууда. «Кабар» агенттиги жазгандай, мэрия «Шаако» фирмасына жерди беш жылдык мөөнөткө ижарага берди.

«Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты «Рыско» ЖЧКсы «Центр Модулор» ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Бизнес борбор 25 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдын 7-апрелинде болгон төңкөрүштө өрттөнүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM