Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Орус драма театрынын имараты оңдолот

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 121 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрына барды. Ал театрдын имаратынын сыртын да оңдоону тапшырды.

Жапаров ошондой эле А. Осмонов атындагы улуттук китепканага барып, анда мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү жана көрктөндүрүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

«Борбордук Ала-Тоо аянты жана ага жакын жайгашкан бардык имараттар бирдиктүү композицияны түзүшү керек, бул борбор шаарыбыздын көркү», — деп белгиледи ал.

Өкмөт башчысы маданий жайларды текшерүү учурунда шаардын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларына да көңүл буруп, тез арада оңдоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM