Биз менен байланышыңыз

Суу фондуна тиешелүү жерлерге байланыштуу 13 адамга айып тагылды

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 315 | 0

Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелер жеке адамдын пайдасына мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Ошол эле учурда суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары тарабынан архитектуралык уруксаттар берилген, алардын негизинде суу фондусунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө чараларынын натыйжасында Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак С.А.А. кармалды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү кызматкерлерине:

— Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А.га;

— Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери К.Б.У.га, М.М.Т.га, К.Ч.К.га, М.Ч.М.га, А.Н.Р.га;

— Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери К.Б.Т.га, М.Б.га жана К.А.А.га;

— Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери К.Э.Н.ге жана Б.А.Ш.га айып тагылды.

Учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул сыяктуу республиканын суу фондусуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлерге куруу фактыларын аныктоо иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM