Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир катар чет элдик компания «Google салыгын» төлөөдө

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 266 | 0

Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталып, «Google салыгын» төлөөчү болушту. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Бир жылдын ичинде 39 чет элдик компания vat.salyk.kg сервиси аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Анын ичинде АКШда катталган 6 компания, Дубайда, Ирландияда, Нидерландияда – 4төн, Улуу Британияда, Канадада, Кипрде – 3төн, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда жана Люксембургда, Кайман аралдарында, Латвияда, Японияда – 2ден жана Эстонияда, Арменияда, Казакстанда, Швецияда – бирден компания катталган.

Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү компаниялар бар.

2022-жылы 4 чет элдик компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe республиканын бюджетине 85 млн сомдон ашык суммадагы кошумча нарк салыгын төлөшкөн.

Былтыр Кыргызстандын чет өлкө кызматтарын пайдалануучуларына электрондук кызмат көрсөтүүчү чет элдик уюмдар үчүн «Google салыгы» киргизилген. КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12%ын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM