Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милиция башчысы коомдо талкуу жараткан сөзүнө түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 362 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткан элдин алдына чыкты.

Ал журналисттерге жана митингдин катышуучуларына өспүрүмдөрдү айыптоо оюнда болбогонун айтып, ката сөзү үчүн жалпы элден кечирим сурады.

«Мен өз билдирүүм аркылуу жашы жете элек балдарды күнөөлөйүн деген оюм болгон эмес. Болгону өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин айткам. Мен «өздөрү» деген сөздү ката айтып алдым. Эгерде айткан сөзүмдө кандайдыр ката кетсе, кечирим сурайм!»

Ошол эле учурда кызматтан кетер-кетпеси боюнча берилген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

31-мартта Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыз боюнча кылмышты иликтөөнүн жүрүшү тууралуу «Фейсбук» баракчасы аркылуу маалымат берип жатып, өспүрүм кыздар сексуалдык мамилеге өз каалоосу менен эле барышарын, соңунда ушундай окуялар да болуп кетерин айткан.

Бишкекте милиция башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM