Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милиция башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 370 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар борбордун милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

31-мартта Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыз боюнча кылмышты иликтөөнүн жүрүшү тууралуу «Фейсбук» баракчасы аркылуу маалымат берип жатып, өспүрүм кыздар сексуалдык мамилеге өз каалоосу менен эле барышарын, соңунда ушундай окуялар да болуп кетерин айткан.

Жетекчинин бул сөзү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган.

Учурда Ички иштер министрлиги бул сөздөр боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM