Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда жети ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2023 | 1641 | 0

Тажикстандын Каржы министрлиги өлкөдөгү жети ири ишкана 2022-жылды чыгаша менен аяктаганын билдирди. Мекеме 21 ишкананын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүп, анын болжолдуу жыйынтыгына таянып ушундай бүтүмгө келген.

Өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзоданын айтымында, кеп мамлекеттик «Барки Точик» энергохолдинги, «Тажик алюминий» ишканасы, «Тажик эйр» улуттук авиакомпаниясы, «Тажиктрансгаз» жана «Алюминсохтмон» ишканалары жөнүндө болууда.

«Чыгашалуу ишканалардын тизмесинде «Рогун ГЭСи» акционердик коому да бар, бирок анын ишмердүүлүгүнө кошумча анализ жүргүзүү керек. Бирок бүгүнкү күндө колубузга тийген маалыматтар боюнча жогорудагы жети ишкана өткөн жылды чыгаша менен аяктады», – деди Каххорзода.

Министр аналитикалык иштер июнь-июль айларына чейин уланып, анын жыйынтыгында кыйла так маалыматтар болорун кошумчалады.

2020-жылы Тажикстандын өкмөтү «Барки Точик» холдингинин 5 миллиард сомонилик (ошол кездеги курс боюнча 440 млн доллар) карызын кечкен. Бирок көп өтпөй компаниянын карызы кайра көбөйүп, жүз миллиондогон сомониге жеткен.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы Тажикстанда алюминий өндүрүшү 62 миң тоннаны түзгөн. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,5%га көп. Ошондой эле өткөн жылы Тажикстан 140 миллион долларга 51 миң тонна алюминий экспорттогон.

«Барки Точик» өткөн жылы өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 16 миллиард кВ/саатты түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 360 миллион кВ/саатка көп болгонун билдирген.

Бул маалыматтар Каржы министрлигинин аталган эки компания жылды чыгаша менен аяктаганы тууралуу билдирүүсүнө каршы келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM