Биз менен байланышыңыз

1-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 704 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM