Биз менен байланышыңыз

GoBus кичиавтобустары «Ала-Арча» паркына каттайт

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 417 | 0

GoBus компаниясынын кичиавтобустары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.

Аталган фонд GoBus компаниясы Kyrgyz Friends менен биргеликте 8-апрелден тарта жаңы багыт ачууда. Ал эки түрдө болот — же ыңгайлуу маршруттук таксилерде кадимки трансфер, же белгилүү «Жараланган жүрөк» ташы аркылуу Ак-Сай шаркыратмасына кесипкөй гиддин коштоосунда толук кандуу тур уюштурулат.

GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ала-Арчага барып келүүчү трансферди же Ак-Сай шаркыратмасына саякат сатып алса болот. Эки тарапка сапардын баасы 800 сом, толук тур 2500 сом.

Кичиавтобустар Томми Моллдон дем алыш күндөрү саат 10:00дө жөнөйт. «Ала-Арчадан» Бишкекке кайра 17:00дө кайтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM