Биз менен байланышыңыз

Баңгизат сатуучуларды сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 458 | 0

Баңгизат саткан Telegram каналды алдап кеткени айтылган балдар сабалган видео социалдык тармактарда тарады. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өзгөчө оор кылмыш беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу Кыргызстандын аймагында, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды жеңил акча табууну сунуштаган шектүү шилтемелерге түшпөөгө чакырат. УКМК кызматкерлери бардык керектүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок иш издеп жүргөн жарандар баңги кылмышына аралашып жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM