Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 132 | 0

Магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгү алмаштырыларына байланыштуу Жалал-Абад шаарында 5-апрелден 9-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Компаниянын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн алмаштырууну пландаган.

Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM