Биз менен байланышыңыз

Автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 26 айдоочуга айып салынды

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 272 | 0

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы эки күн ичинде өлкө аймагында автоунаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 26 айдоочу кармалганын кабарлады.

Унаалардын баары убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ар бирине 20 миң сомдон айып салынды.

Мекеме 28-марттан 15-апрелге чейин өлкө аймагында «Тонировка» аталышында рейддик иш-чара жүргүзүүдө. Максаты: автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү менен тартипке келтирүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM