Биз менен байланышыңыз

Өзбек президенти Мирзиёев тургундун үйүндө ооз ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 275 | 0

30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нукус шаарындагы Алтын-Жагыс маалесине барып, тургундардын жашоо-турмушу менен таанышты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул айылда төрт миңден ашуун адам жашайт. Мирзиёев жашоочулар менен баарлашты.

«Район көрктөндүрүлүп жатканына кубанычтамын, элдин ыраазы экенин көрүп турам. Биз бул ишти бардык жерде улантабыз. Быйыл Каракалпакстандагы маалелерди көрктөндүрүү, жол, суу, мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык пункттарды куруу үчүн 1,5 триллион сум (130 миң доллардан ашык) бөлөбүз», — деди Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Каракалпакстандагы 452 мааленин ар бирине кошумча 500 миллион сумдан (43 миң доллар) бөлүнөрүн айтты. Ал жергиликтүү тургундардын биринин үйүнөн ооз ачты. Сүмөлөк даярдаган жергиликтүү жашоочулардын майрамына да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM