Биз менен байланышыңыз

Жасалма интеллекттин жаңы системаларын иштеп чыгууну токтото туруу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 388 | 0

Ишкер Илон Маск технологиялык эксперттердин тобу менен бирге кайрылуу жасап, жасалма интеллекттин жаңы системаларын иштеп чыгууну токтото турууга чакырды.

Маск тарабынан каржыланган америкалык Future of Life Institute коммерциялык эмес уюму жарыялаган кайрылууга миңден ашык киши кол койгон. Алардын арасында жасалма интеллект тармагындагы белгилүү окумуштуулар – канадалык Йошуа Бенжио жана британиялык Стюарт Рассел бар.

Кайрылууда жасалма интеллект системалары адамзаттын өнүгүүсүн өзгөртө алары жана ошого ылайык масштабдагы ресурстар менен башкарылышы керектиги белгиленген.

«Кубаттуу жасалма интеллект системаларын анын ишинин натыйжасы жакшы болуп, тобокелдиктерди башкара аларыбызга ишенимдүү болгондо гана иштеп чыгуу керек. Азыркы заманбап системалар көптөгөн маселелерди чечүүдө адамдар менен атаандашууга жөндөмдүү. Ошондуктан адамзат «жумуштардын баары толук автоматташтырылган болушу керекпи?», «адамдар цивилизацияны көзөмөлдөө мүмкүндүгүн жоготуп алуу тобокелдигине барышы керекпи?» жана «адамдардан да акылдуу болуп, аларды экинчи планга чыгарып коё турган системаларды иштеп чыгуу керекпи?» деген суроолорго жооп бериши зарыл», – деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле мындай нерселер технологиялык тармактын эч ким тандабаган лидерлерине ишенип берилбеши керектиги жазылган. Кайрылуунун авторлору OpenAI компаниясы иштеп чыккан GPT-4 үлгүсүнөн кубаттуураак жасалма интеллект системаларын иштеп чыгууну жарым жылга токтотууну сунушташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM