Биз менен байланышыңыз

Германия Украинаны колдоо үчүн кошумча 12 млрд евро бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 256 | 0
Германиянын коргоо министри Борис Писториус

Германияда 29-март күнү  Бундестагдын бюджет комитети 2032-жылга чейин Украинаны колдоого 12 миллиард евро өлчөмүндө кошумча каражат бөлүү сунушун жактырды. Бул сумманын төрттөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү быйыл берилет. Мындай маалыматты AFP агенттиги комитеттин төрагасына шилтеме кылып кабарлады.

Каражат Украинага түздөн-түз курал-жарак берүүгө же бундесвердин запастарын толуктоо үчүн курал сатып алууга багытталат. Өткөн жылы Украинага оор куралдардын түрлөрүн берүүнүн жыйынтыгында немис армиясынын арсеналы кыйла кыскарган.

Бундестагдын бюджет комитети пландалбаган коргонуу чыгымдары үчүн быйыл 3,24 миллиард евро бөлүүнү жактырды. 2032-жылга чейин жалпысынан дагы 8,82 миллиард евро бөлүнүшү керек.

2022-жылы февралда Украинада согуш башталгандан бери Германиянын пландык бюджетинен Киевге аскердик жардам көрсөтүү үчүн 3 миллиард евро бөлүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM