Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанда 9 мектеп курат. Келишимге бүгүн кол коюлат

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 227 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү.

Жапаров Кыргызстанда окутуусу орус тилинде тогуз орто мектепти куруу боюнча бүгүн кол коюла турган макулдашуунун маанисин белгиледи.

Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесине токтолуп, саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин, орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин белгиледи.

Алексей Оверчук Садыр Жапаровдун Орусияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ал бүгүн кол коюла турган макулдашуунун алкагында Кыргызстанда курула турган мектептердин долбоору тууралуу айтып берди.  Жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү — Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат.

Заманбап мектептер төрт корпустан турат: административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM