Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жасалма диплом сатууга шектелген декан аныкталды

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 1318 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналды аныктады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргызстандын жараны Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды.

Учурда ушул сыяктуу башка фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM