Биз менен байланышыңыз

Шамил Ибрагимов билим берүү министрине кеңешчи болду

Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 259 | 0

«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы аткаруучу директору Шамил Ибрагимов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Шамил Ибрагимов 2023-жылдын 1-январында «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору кызматынан кеткен. Ал 2012-жылдан бери фондду жетектеген.

Билим берүү жана илим министри 6-мартта алмашып, экс-депутат Каныбек Иманалиев дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM