Биз менен байланышыңыз

Казакстанда шайлоого байланыштуу Конституциялык сотко 21 арыз түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2023 | 321 | 0

Казакстандын Конституциялык сотуна маслихат жана мажилис шайлоолоруна байланыштуу жарандардан 21 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Конституциялык соттун компетенциясына туура келбеген 13 арыз кайра кайтарылган.

Жарандардын көбү кайрылууларында «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жер-жерлерде аткарылышын талап кылышкан.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 19-мартта өткөн. 27-мартта жарыяланган акыркы жыйынтыкка караганда, парламентке жети партиянын алтоо өттү. Бийликтеги «Аманат» партиясы мажилистеги 98 мандаттын 60ына ээ болду.

Көз карандысыз байкоочулар 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө. Алардын айтымында, бюллетендерди тобу менен салуу, сүрөткө тартуу, көз карандысыз байкоочулардын айрымдарын шайлоо тилкелеринен чыгаруу, протоколдорду берүүдөн баш тартуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM