Биз менен байланышыңыз

Операциядан кийин Сооронкулованын абалы начарлаганы айтылды

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 442 | 0

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан юрист, активист Клара Сооронкулованын ден соолугу начарлаганын жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

«Операциядан кийин Клара Сооронкулова абакта боло албайт деп айтканбыз, азыр иммунитети төмөндөп, абактын медициналык бөлүмүнүн дарыгерлери аныктагандай пневмония менен ооруп жатат», — деди адвокат.

Сооронкулова 21-февралда медициналык текшерүүдөн кийин операция жасалган. Андан кийин кайра абакка которулган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM