Биз менен байланышыңыз

Теги пакистандык Хамза Юсуф Шотландиянын өкмөт башчысы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 501 | 0

Теги пакистандык 37 жаштагы Хамза Юсуф Шотландиянын башкаруучу партиясынын лидерлигине шайланды. Ал бир эле учурда өкмөттү жетектейт.

Добуштардын 52 пайызын алган Хамза Юсуф 5,5 миллион калкы бар өлкөнү башкарган алгачкы мусулман.

Ал шайлоодон кийин: «Мен партияны мага добуш бергендердин эле эмес, бардык мүчөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жетектейм, ошондой эле Шотландияны саясий көз карашына карабастан бардык жараныбыздын жыргалчылыгы үчүн башкарам», — деп билдирди.

The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 70%ы катышкан. Өкмөттү жетектөөгө Шотландиянын каржы министри Кейт Форбс жана мурдагы коопсуздук министри Эш Реган да талапкер болушкан. Экинчи турга 48% добуш менен Кейт Форбс гана өткөн.

37 жаштагы Хамза Юсуф Глазгодо Түштүк азиялык иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Associated Press‘тин маалыматына караганда, жаңы өкмөт башчынын милдети — башкаруучу партияны бириктирүү жана токтоп калган көз карандысыздык кампаниясын кайра баштоо.

SNP — Шотландиянын Улуу Британиядан көз карандысыздыгын жана өлкөнүн Европа Биримдигине мүчө болушун жактаган солчул борборчул партия. Партия аймактык парламентте эң көп орунга ээ жана Жашылдар менен коалицияга кирет.

Шотландиянын биринчи министри кызматын буга чейин Никола Стерджеон ээлеп келген. Ал 15-февралда отставкага кетүү тууралуу арызын жазган. Ал партияны 2014-жылдан бери жетектеп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM