Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Альфа Телекомдун» мурдагы башчыларынын бири кармалды

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 764 | 0

Ашыкча жогорулатылган баада жабдууларды сатып алуу фактысынын алкагында «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы башчыларынын бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

«Альфа Телеком» ишканасынын IT технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышканын Атайын кызмат 10-мартта кабарлаган.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын экени аныкталган.

Алынган далилдердин негизинде «Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчиси Д.Б.Б. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

10-мартта ушул кылмыш ишинин алкагында «Альфа Телекомдун» башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM