Биз менен байланышыңыз

Нетаньяху талаштуу сот реформасын кароону кийинкиге жылдырды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 246 | 0
Дүйшөмбү күнү он миңдеген адам Иерусалимде Кнессеттин имаратынын алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху талаштуу сот реформасы боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулоону парламенттин кийинки жыйынына жылдырды. Бул тууралуу BBC орус кызматы жазды.

«Улуттун бөлүнүшүнө жол бербөө максатында мен кеңири консенсуска жетүү үчүн экинчи жана үчүнчү окууларды кийинкиге калтырууну чечтим», — деди ал телекайрылуусунда.

Буга чейин реформаны Кнессеттин жайкы сессиясына жылдыруу чечимин өкмөттүк коалицияга кирген ашынган оңчул «Жөөт күчтөрү» партиясы жарыялаган.

Израилде үч айдан бери өкмөттүн Жогорку Соттун ыйгарым укуктарын чектөө пландарынан улам нааразылык акциялары басыла элек. Өткөн аптада күчөгөн. Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү он миңдеген израилдик Иерусалимдеги Кнессеттин имаратынын жанына чогулушту.

Реформага каршы нааразылык иретинде өлкөдө жалпы иш таштоо жарыяланды, ага транспорт кызматкерлери, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, банкирлер жана жеке ишканалардын кызматкерлери кошулду.

Натыйжада дээрлик бардык мекеменин иши токтоп калды — өлкөнүн башкы эл аралык аэропорту Бен Гуриондон каттамдар токтотулуп, өлкөнүн негизги порттору да иштебей калды. Атүгүл McDonald’s ресторандары жабылды.

Нетаньяхунун билдирүүсүнөн кийин Израилдин профсоюздар федерациясы жалпы иш таштоо аяктаганын жарыялады.

26-мартта Израилдин коргоо министри Йоав Галант реформаны кабыл алуу жараянын токтотууну сунуштады. Ал өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жарата турган кырдаал түзүлгөнүн айтты. Буга жооп иретинде Изарилдин премьер-минстри Биньямин Нетаньяху Галантты кызматтан алды.

Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган соттук реформаларга ылайык, Жогорку Соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Парламент мыйзам долбоорун келерки аптада добушка коёт. Демонстранттар ал кабыл алынса, соттордун көз карандысыздыгы жоголот деп эсептешет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху нааразылыкка чыккандардын максаты аны бийликтен кетирүү деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM