Connect with us

Alibaba’нын негиздөөчүсү Жек Ма Кытайга кайтып барды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 797 | 0

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма бир жыл чет өлкөдө жүргөндөн кийин кайра Кытайга кайтып барды. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, бир жылдык убакыттын көбүн Жапонияда өткөргөн Ма Кытайга бир нече күн мурда барган.

27-мартта Жек Ма 2017-жылы Alibaba’дагы өнөктөштөрү менен биргеликте түптөгөн Ханчшоу шаарындагы мектепте болуп, мугалимдер менен ChatGPT өңдүү жасалма интеллект технологияларынын билим берүү системасына тийгизген таасирин талкуулаган.

Өткөн жылы ноябрда Financial Times басылмасы Жек Ма Кытайдан чыгып кетип, Токиодо жашап жатканын билдирген. Дүйнөгө белгилүү ишкердин өлкөсүнөн чыгып кеткени Кытай бийлигинин технологиялык компанияларга басымы күчөгөн учурга туш келген. Жек Ма 2020-жылы Шанхайдагы ири экономикалык жыйында Кытайдын базар мамилелерин жөнгө салуучу мекемесин сындап сөз сүйлөгөн.

Көп өтпөй Кытайдын бийлиги антимонополиялык иликтөөнүн алкагында миллиардер Жек Ма түптөгөн Alibaba корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салган. Бул Кытайдагы болуп көрбөгөндөй эң чоң айып.

Ма — Кытайдагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналы анын байлыгын 65,5 миллиард долларга баалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM