Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануунун кесепеттерин жоюу фонду аркылуу суу сактагычтын жээгиндеги 5 айыл өкмөткө быйыл 60 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Өзгөн эли менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Бул акча суу сактагычтын жээгиндеги айылдардын табият кырсыгынан коргоого жана социалдык объектилерге гана жумшалат.
Которулган каражатты райондун акими көзөмөлгө алып, сарпталышына жооптуу болот.