Биз менен байланышыңыз

Казакстанда парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 526 | 0

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча өткөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, шайлоого катышкан жети партиянын алтоо парламентке өттү.

Бийликтин «Аманат» партиясы шайлоочулардын 53,9%, «Ауыл» – 10,9%, Respublica – 8,59, «Ак жол» – 8,41%, «Казакстандын элдик партиясы» – 6,8% жана «Коомдук социал-демократиялык партия» 5,2% добушун алды. Шайлоочулардын 2,3% ишенимине ээ болгон «Байтак» партиясы беш пайыздык чектен өтө алган жок. Шайлоого катышкан жарандардын 3,9% баарына каршы добуш берген.

Парламентке бир мандаттуу округдардан шайланган 29 талапкердин 23ү «Аманат» партиясынын өкүлдөрү экени кабарланды. Бул партиянын мүчөлөрү аймактардагы жергиликтүү маслихаттарда да көпчүлүк орундарга ээ болушту.

Көз карандысыз байкоочулар 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө. Алардын айтымында, шайлоо күнү жана анын эртеси өлкөнүн түрдүү аймактарынан бюллетендерди топ-тобу менен салуу өңдүү мыйзам бузуу учурлары тартылган видеоматериалдар келип түшкөн.

Мындан тышкары көз карандысыз байкоочулардын айрымдары шайлоо тилкелеринен чыгарылып, бюллетенди сүрөткө тартуу, протоколдорду берүүдөн баш тартуу жана байкоочулардын кыймылын чектөө сыяктуу «салттуу» мыйзам бузуулар катталган.

Көз карандысыз байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экенин билдирип, бийликке бир канча талаптарды коюп, митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM