Биз менен байланышыңыз

Германияда иш таштоодон улам дээрлик бардык аба каттам токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 2651 | 0

27-мартта Германияда транспорт тармагында иштеген кызматкерлердин 24 сааттык иш таштоосу башталды.

EVG темир жол транспорттук биримдиги менен Verdi кесиптик кошуунунун иш таштоосу темир жолдордун жана аэропорттордун ишине таасирин тийгизди. Бир катар аймактарда коомдук транспорттун кыймылы чектелди.

Дүйшөмбүдө өлкө аэропортторундагы бардык каттамдар токтотулду. Учурда Берлин аэропорту гана иштеп жатат.

Deutsche Bahn темир жолу концерни өлкө боюнча алыска каттаган поезддердин баары 28-мартка чейин иштебей турганын кабарлады. Жети аймакта коомдук транспорттун кызматкерлери иш таштады. Ошол эле маалда автобус каттамдарынын бир бөлүгү аткарылып жатат.

Иш таштоо экономикалык талаптарга байланыштуу. Кесиптик кошуундар Германияда инфлянция кескин өскөнүн белгилеп, маянаны кеминде 10,5% же 500 еврого көбөйтүүнү өтүнүүдө. Темир жолчулар маянаны 12% же 650 еврого көбөйтүү талап кылууда.

Германиянын жалпыга маалымдоо каражаттары акыркы 30 жылдан бери мындай ири иш таштоо болбогонун жазууда. Бийлик өкүлдөрү кесиптик кошуундар менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын баштады, ал кеминде шаршембиге чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM