Биз менен байланышыңыз

Бишкекте соттук-экспертизаны өнүктүрүү жолдору талкууланды

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 112 | 0

Бишкекте 16-17-март күндөрү “Заманбап шарттарда соттук экспертизанын теориясы менен практикасынын актуалдуу маселелери” аттуу биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Анда мамлекеттик эмес (көз карандысыз) соттук-медициналык экспертиза сот адилеттигинин альтернативдүү куралы боло алары талкууланды. Иш-чара Соттук-эксперттик палатасы жана Ички иштер министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен уюштурулду.

Конференцияга Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот жана Башкы прокуратура, КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Ички иштер министрлиги, УКМК, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн соттук-медициналык эксперттери катышты.

Иш-чарага ар кайсы элүүдөн ашык чет элдик адис келген. Конференцияда:

-Соттук териштирүүдө экспертизанын ролу;
-Соттук экспертизаны методикалык камсыздоонун учурдагы абалы;
-Мамлекеттик эмес соттук экспертизаны өнүктүрүү;
-Соттук-медициналык изилдөөлөрдүн сапаты көйгөйлөрү;
-Заманбап эксперттик технологияларды өнүктүрүү жолдору жана алардын колдонуудагы мыйзамдар менен байланышы;
-Соттук экспертизаларды дайындоо жана өткөрүүдө соттун, соттук териштирүүнүн катышуучуларынын жана эксперттик уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн процесстик, укуктук жана уюштуруучулук маселелери;
-Эксперттик кадрларды даярдоо, темалары талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM