Биз менен байланышыңыз

БУУ менен Кыргызстандын алдыңкы жылдардагы кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 162 | 0

Министрлер кабинети Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргелешкен стратегиялык координациялык комитетинин жыйынын өткөрүп, 2023-2027-жылдарга кызматташтык маселесин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун тутумуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык айтып, ар тараптуу кызматташууну мындан да бекемдөө ниетин билдирди.

БУУнун Туруктуу координатору Антье Гравенин айтымында, кызматташтык программасы БУУнун Кыргызстан менен төрт приоритеттүү багыт боюнча кызматташуусунун негизин түзөт. Алар:

-сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү;

-жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү;

-климаттык аракеттер жана кырсык тобокелдиктерин алдын алуу;

-башкаруу, адам укуктары жана гендердик теңдик, коомдук биримдик жана тынчтык.

Уюм менен Кыргызстандын биргелешкен иш пландары 2023-жылдын январь-февраль айларында тиешелүү мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун, эмгек уюмдарынын, жеке сектордун жана башка өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM