Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши. Активисттин ден соолугу кайра начарлаганы айтылды

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 581 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активист Улукбек Маматаевдин ден соолугу кескин начарлаганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

15-мартта ал саламаттыгы начарлап, шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган жана ага операция жасалган.

«Анын өтүнөн диаметри 3 сантиметр болгон таш алынды. Абалы начар жана кароого муктаж. Баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранабыз», — деп билдиришкен туугандары.

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап, аларды 20-апрелге чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM