Биз менен байланышыңыз

Аксы райондук электр станциясында пара алуу фактысы катталды

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 328 | 0

Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук электр станциясынын кассир-текшерүүчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Аксы РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т. А. А. ушул эле райондун тургуну А. Э. А.ны электр-эсептегичин алмаштырбаганы үчүн административдик жазага тартам деп коркутуп, пара талап кылганы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Т. А. А. 25-мартта 18 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (мыйзамсыз акча алуу) менен бирдиктүү реестрге катталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM