Биз менен байланышыңыз

Майыптар арабасында отурган адамды сууга түртүүгө шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 557 | 0

Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан майыптар арабасында отурган адамды сууга түртүп жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

23-март күнү Бишкек милициясына 4-шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1988-жылы туулган Д.М. аттуу жаран алып келинген. Анын омурткасы сынып кеткенине байланыштуу каза болуп калган.

Чакыруу болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адам ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана завод кыштактарынын кесилишиндеги аккан суу каналынан майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү ) боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM