Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Жапониянын инвесторлорун кабыл алды

Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 211 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жапониянын тышкы соода уюмунун өкүлдөрү (Japan External Trade Organization, JETRO)  менен жолугуп, кызматташуунун маселелерин талкуулады.

Акылбек Жапаров Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык өлкө экенин айтты.

Жапониянын делегациясы 24-мартта Бишкекте өткөн Борбордук Азия IT форумуна катышуу үчүн келген.

JETRO компаниясынын департаментинин директору Томохиро Цутия белгилегендей, 2022-жылдын 28-30-ноябрында Акылбек Жапаровдун Жапония сапарында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жапан компанияларына сунушталган. Анын айтымында учурда жапан компанияларынын Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM