Connect with us

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева каза болду

Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 568 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Шаршеналиева 25-мартта мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Элеонора Шаршеналиева ооруп жүргөн жана ага карабай акыркы күндөргө чейин милдетин так аткарган.

Шаршеналиева 1973-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Билими жогорку, 2006-жылы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган. Окуу менен катар «Заман Кыргызстан», «Дил» басылмаларынын редакциялары жана «Кабар» маалымат агенттигинде иштеген.

Жаза аткаруу тутумунун органдарында 2006-жылы «Үмүт» гезитинин кызматкери болуп баштап, андан соң Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматын жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM