Биз менен байланышыңыз

Энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жер берүү боюнча жарлык чыкты

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 185 | 0

Президент Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу укугу берилет.

Энергетика, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары министрликтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин («бирдиктүү терезе» механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп бир айда чыгып, бекитет.

Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди тактап, жумушчу комиссия түзөт.

Пайдалануу эрежелери бузулган учурда жер мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин бузуу, ошондой эле тиешелүү жерлерди алып коюу чарасы колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM