Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Быйыл экономикалык өсүү 3,5% жетет

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 215 | 0

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107%ды түздү. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн болжолдоп келишкен. Дүйнөлүк банк – 5,0%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын болжогон.

Быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда.

Отурумдун жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечими кабыл алынды, ага ылайык 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.

Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш 2022-жылдын апрель айында түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM