Биз менен байланышыңыз

Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 194 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечимге Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин сунушу негиз болгону кабарланды.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгынан 2021-жылы сентябрь айында кетип, Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барган.

Ал Улуттук банкты 2014-жылдан 2017-жылдын август айына чейин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрь айына чейин биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр болгон.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) – эл аралык валюталык-каржы уюму, БУУнун адистештирилген мекемеси.

Эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM