Биз менен байланышыңыз

«Чек талап кылып, белек утуп ал!» лотереясы улантылат

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 240 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда.

Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуусу зарыл.

Ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылыңыз. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүңүз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM