Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосунун Орозо айына карата атайын уктуруулары (тизме)

Блог | 23 Мар 2023 | 193 | 0

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 23-мартта башталды. «Марал» угармандар, окурмандар жана көрүүчүлөр үчүн Рамазан айына карата программаларын сунуштайт.

 «Берекелүү Рамазан» программасы

Бул берүүдө дин аалымдары, коомчулукка белгилүү инсандар, илим изилдөөчүлөр менен маек болуп, көрөрман, угармандар үчүн керектүү кеңештер айтылат. 40 мүнөттүк берүүнү «Марал» радиосунан угуп, Фейсбуктагы баракчабыздан жана «Марал ТВ» каналынан көрө аласыздар. Программа күн сайын ооз ачарга 40 мүнөт калганда башталып, соңунда ооз ачар дубасы кылынат. Эфирдин убактысы ооз ачардын убактысына карап жылып турат.

Ооз бекитүү жана ачуу убактыларында эфирден азан айтылып турмакчы.

«Укма китеп» долбоору

Күн сайын саат 22:00дө угармандарга китеп окуп беребиз. Куттуу Орозо айынын урматына диний багыттагы китептерди сунуштайбыз. Алгач орозо тууралуу кеңири түшүнүк берилген «Ырайым жааган Орозо» китеби эфирге коюлат.

Ошондой эле маал-маалы менен хадистер жана диний ырлар, окуялар да коюлат.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Эми күн сайын радиодон төмөнкү программаларды уга аласыз:

Убактысы  Программалар
Ооз бекитүү маалында  Азан
08:05  Күнүнө бир аят, хадис, окуя
11:00 Күнүнө бир аят, хадис, окуя
13:00 Күнүнө бир аят, хадис, окуя
Ооз ачарга 40 мүнөт калганда  «Берекелүү Рамазан» ТВ-радио программасы (ооз ачуу убактысына карап жылып турат)
Ооз ачуу маалында  Азан
22:00  «Укма китеп» долбоору («Ырайым жааган Орозо» китеби)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM