Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Даун синдромундагы балдарды тарбиялоо: изилдөө фактылары

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 201 | 0

Бүгүн, 21-март Даун синдромундагы адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Бул датага байланыштуу «Сорос — Кыргызстан» эл аралык уюму Кыргызстанда бул генетикалык бузулууга туш болгон балдарды тарбиялоодогу көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырат.

2018-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстанда Даун синдромундагы балдарды тарбиялоодо энелер туш болгон бир катар көйгөйлөр аныкталган. Пренаталдык диагностика туурасында жеткиликтүү маалыматтын жетишсиздиги жана Даун синдромундагы балдар туурасында так статистикалык маалыматтын жоктугу энелер үчүн кыйынчылыктарды жаратып, бул жаатта керектүү жардамды жана колдоону алууда тоскоолдук болуп келет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Даун синдромундагы баласы бар үй-бүлөлөр жетиштүү мамлекеттик колдоого ээ эместигин көрсөткөн. Эрте кийлигишүү мамлекеттик борборлорунун жана атайы заманбап бала бакчалардын жоктугу, ошондой эле Даун синдромун дарылоодо медициналык дары-дармектерди туш келди дайындай берүү маселеси Даун синдрому менен жабыркаган балдардын энелерине кошумча көйгөйлөрдү жаратып келет, — деп айтылат маалыматта.

Талдоого ылайык, мамлекетте Даун синдромундагы балдар туурасында так статистикалык маалымат жок.

21 март – Даун синдромундагы адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү – коомчулуктун көңүлүн бул топтогу адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтүү керектигине буруу үчүн эң сонун себеп. Ар бир бала бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана бакубат жашоого укуктуу, жана да биздин коом алардын укуктары менен татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн болгон күчүн жумшоосу зарыл.

Изилдөө менен толук түрдө шилтеме аркылуу таанышууга болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM