Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 111 | 0

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн план түзүлгөн», — деп айтылат жолдонгон куттуктоодо.

КЭР төрагасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында өтө турган биринчи “Кытай — Борбор Азия” саммитине катышуусунун, ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Кытайга пландаштырылган мамлекеттик сапарынын алкагында маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык баштаган иштерине жакшылык, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM