Connect with us

Жалал-Абадда 400дөн ашык ишкер топтолгон форум өтүүдө

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 379 | 0

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарында ЖИА бизнес ассоциациясы «Жигер» форумун өткөрүп жатат.

JIGER форумунда тажрыйбалуу ишкерлер нетворкинг, тажрыйба алмашуу, актуалдуу жана келечектүү тармактар боюнча талдоолорду айтып, кеп-кеңеш беришет. 

Ишкердиктеги инновациялар, акыркы тренддер, санарип, жашыл жана креативдүү заманбап экономика тууралуу кенен сөз болот. 

Форум быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин Бишкек жана Ош шаарында өткөрүлгөн.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Маматов, шаар мэри Эрнис Ормоков, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу жана аймактардан келген 450дөй ишкер катышып жатат.

Негизги максаты, ишкерлердин башын бириктирүү, жаңычылдыктар тууралуу маалымат бөлүшүү, тажрыйба алмашууну көздөйт.

Форумдун спикерлери — ишкерлер Азамат Исмаилов, Рахматулла Мадазимов, Анатолий Хуанг, Сайкал Асылбекова, Нурлан Мирзаматов жана башкалар.

ЖИА бизнес ассоциациясына жалпы 1200 ишкер мүчө. Анын ичинде Жалал-Абадда 200дөй ишкер биримдиктин мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM