Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы институту ишмердүүлүгүн токтотобу? Министрликтин жообу

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 166 | 0

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандагы бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтотот. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.

Анын айтымында, азырынча расмий билдирүү келе элек. Бирок буга чейин каржылоону токтотуу боюнча маалымдама келген. Министрлик Бизнес-акыйкатчы институту мындан ары да иштей берерин, бирок каржылоо булагы азырынча тактала электигин билдирген.

Бизнес-акыйкатчы кызматы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында негизделип иштей баштаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM